www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтык, санкция маселелери, ошондой эле визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөрүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурулду. Америкалык тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Пол Капур эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын графигин талкуулап, үзгүлтүксүз саясий диалогду сактоо жана кыргыз-америка мамилелерин мындан ары бекемдөө боюнча өз ара кызыкдарлыгын ырасташты.

Последние новости