www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

43 жашында дүйнө салган акын, жазуучу Зайырбек Ажыматовду бүгүн, 1-майда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага жалпысынан 100дөн ашуун киши келгенин ошол жерде жүргөндөр маалымдашты. Маркумду акыркы сапарга узатууга келген кесиптештеринин бири, жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков акын менен сырдаш экенин, чогуу өскөнүн айтып, көз жашын тыя албады. 

"Агайы туугандар, Зайырбек Ажыматов экөөбүз бир колоттун, бир сайдын балдары элек. Студент кезден тарта экөөбүз шапалактай китеп чыгарып, жазуучулар союзуна мүчө болуп, адабияттын астанасын чогуу аттаган балдар элек. Зайырбек ыйы, кубанычы, сыры менен бөлүшчү, мен аны менен бөлүшчүмүн. 40тан ашып калчылдап калат экенбиз. Илгери обончу досубуз 30 жаш курагында каза болгондо, ошол күйүттү жаштыгыбыз менен көтөрүп кетиптирбиз.

Элмирбек Иманалиев, бир аптадан кийин эле Зайырбек Ажыматов каза болду, кыйын болуп калат экен... Мен өз жон-терим менен сезген адам катары жазуучуларга айтаарым, Зайырдай болбогула. Карагылачы, Зайырбек Элмир эле, Элмир деп какшап жатып, күйүттүн артынан кетип калды.

Зайырбек, мен сага кантип топурак салам... ", - деп токтоно албай ыйлап жиберди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости