www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында республикалык «Жаш булбул» айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айтыш Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Айтыштын негизги максаты — кыргыздын төкмөлүк өнөрүн кеңири жайылтуу, жаш таланттарды колдоо жана алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө шарт түзүү. Өлкөнүн ар аймагынан келген жаш төкмө акындар тандоо турунда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, финалдык айтышка жолдомо үчүн күч сынашат.
Тандоо туру 18-сентябрда саат 09:00дө Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2/9дарегинде жайгашкан Кыргыз улуттук «Манас» театрынын концерттик залында өтмөкчү.
Тандоо турунун жыйынтыгында финалга өткөн жаш акындар аныкталат.
Финалдык айтыш 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтөт.