www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Азербайжандан газ сатып алууга даяр

Армения Азербайжандын газын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул тууралуу Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Ален Симонян билдирди.

Арменияга Азербайжандын газын жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого Григорян анын өлкөсү газды мүмкүн болгон бардык булактардан сатып алууга даяр экенин айтты.

— Биз газды мүмкүн болгон бардык жерден сатып алгыбыз келет. Эгер Орусия газ берсе, Орусиядан сатып алабыз, эгер Азербайжан берсе Азербайжандан, эгер Иран берсе Ирандан сатып алабыз, - деди ал.

Григоряндын айтымында, Армения бир өлкөгө болгон көз карандылыкты башка бир өлкөгө болгон көз карандылык менен алмаштырууну көздөбөйт.

Ал энергетика маселесиндеги негизги ыкма катары альтернативдүү булактарды сактоо жана тең салмактуулукту камсыз кылуу экенин белгиледи.

Последние новости