www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары болуп өттү.

Кинотасма Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Тарыхый тасма Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу баяндайт. Анда улуттук тарыхтын маанилүү барактары көркөм чагылдырылган.

Бет ачарга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тасманын чыгармачыл тобу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тасманын жаратуучулары тааныштырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду жана анын өмүр жолу менен мурасын кийинки муундарга жеткирүүнүн мааниси белгиленди.

Последние новости