www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Суу районунун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, ошондой эле түнкү убакта кароосуз жүрүүнүн алдын алуу максатында Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 13–14-апрель күндөрү “Өспүрүм түн” аталышындагы рейдтик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн түнкү убакта ата-энесинин көзөмөлүсүз жүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 185 ата-эне менен профилактикалык маектер өткөрүлүп, аларга балдарын түнкү убакта кароосуз калтырбоо, алардын коопсуздугуна жана тарбиясына көңүл буруу боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындай иш-чаралар жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга, алардын коопсуздугун камсыздоого жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Последние новости