www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочу аныкталды.
Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын башка катышуучуларына, анын ичинде жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан.
Айдоочунун бул аракети жол коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган.
Аталган факты боюнча айдоочу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды.
Мындан тышкары, айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага жол эрежелерин так сактоо боюнча эскертүү берилди.