www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында төрт жыл депутат болуп отурган Ноокат районунан шайланган депутат Нилуфар Алимжанова тууралуу коомчулукта суроолор жаралууда. Айрым шайлоочулар анын депутаттык мөөнөт ичинде аймак үчүн кандай иш жасаганы, кандай мыйзам демилгени боюнча конкреттүү мисалдар жетишсиз.

Тактап айтканда, Алимжанова, Ноокат районунун депутаты катары бир куурай сайып, элге кызмат кылбаган, ага чейин мамкызматта же өз кесиби менен иштебеген бар жоктун ортосунда жүргөн «балык депутаттын» катарын толуктап келет.

Алсак, эл өкүлү катары депутаттын негизги милдети — шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоо жана мыйзам чыгаруу ишинде активдүү позиция көрсөтүү болуп саналат. Ошондуктан Ноокат районунун шайлоочулары тарабынан “төрт жыл ичинде конкреттүү кандай иштер аткарылды?” деген суроо коюлуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардын арасында шайлоо алдында Ноокат шаарында, ошондой эле Мирмахмудов, Гулистан жана Жаңы Ноокат айыл өкмөттөрүндө шайлоочуларга товарлар таратылганы тууралуу сөздөр айтылып келет.  Башкача айтканда, Өзбекстандан чыгарылган "И...А" аттуу аялдардын тапочкасын, галош, термос таркатылып, добуш сатып алуу болгону туурасында жергиликтүү жашоочулар ачык эле кеп кылып жүрүшөт.

Бул маалыматтар расмий органдар тарабынан текшерилгенби же жокпу, коомчулукка так маалымат берилген эмес.

Ошондой эле, коомчулук арасында депутаттын саясий жана кызматтык байланыштары тууралуу ар кандай пикирлер бар. Анын мурдагы Ноокат шаарынын экс-мэри Якубжан Алимжановдун кызы экендиги, жогорку кызматтарды ээлеп келген айрым "ЭКС" саясатчылар, жергиликтүү УКМК кызматкерлери менен  байланыштары, шайлоо процессинде административдик ресурс колдонууга мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымалдыгы болгон дешет. Демек, бул маселелер укук коргоо органдары тарабынан мыйзам чегинде текшерилиши зарыл.

Жогорку Кеңеш — элдин ишенимин чагылдырган жогорку мыйзам чыгаруучу орган. Ошондуктан анын курамына ким жана кандай жол менен келгени тууралуу суроолорго ачык жооп берилүүсү коомдук ишенимди бекемдөөнүн негизги шарты болуп саналат.

Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары коомго бүдөмүк, шектүү болуп жаткан төмөнкү маселелер боюнча расмий түшүндүрмө бериши кажет:

— шайлоо учурунда добуш сатып алуу тууралуу айтылып жаткан маалыматтар текшерилгенби;

— административдик ресурс колдонулган же колдонулбаганы боюнча укуктук баа берилгенби;

— шайлоо мыйзамдарынын талаптары толук сакталганбы.

Мына ушул жагдайдын ак-карасын иликтеп, расмий түшүндүрмө берилүүгө тийиш. Ал эми мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда — мыйзам чегинде чечим кабыл алынышы зарыл.

«Жарылып айткан сөзү жок, жалгыз уйдун көзүндөй болгон» мындай тааныш-билиш болуп Жогорку Кеңешке ар ким депутат болуп келе берсе, алгылыктуу мыйзамды баш жазабы же жайылган чач жазабы?

Последние новости