www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер Жакынкы Чыгыштагы согуш сентябрга чейин созулса, бул Россиянын бюджетине кошумча 250 миллиард доллар алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Der Spiegel басылмасы жазган.
Киев экономика мектебинин аналитикалык борбору энергия ресурстарынын баасы өссө, Россия канча киреше таба аларын эсептеп чыккан.
Биринчи сценарий боюнча, Ирандагы согуш апрелдин ортосунда аяктайт. Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы болжол менен баррелине 100 долларга чейин көтөрүлөт, газдын баасы да өсөт. 2026-жылга күтүлгөн 99 миллиард доллардын ордуна, Россия мунай экспортунан 169 миллиард доллар табат. Газ сатуу дагы 50 миллиард доллар алып келет. Ошентип, Кремлдин чийки заттан түшкөн жалпы кирешеси 84 миллиард долларга көбөйөт.
Экинчи сценарий боюнча, согуш май айынын аягына чейин созулат. Мунайдын баасы убактылуу баррелине 140 долларга чейин көтөрүлөт. Бирок Ормуз кысыгындагы өндүрүш жана жүк ташуу салыштырмалуу тез калыбына келгендиктен, андан кийин бат эле төмөндөйт. Бул сценарийде жыл аягына чейин Кремль күтүлгөндөн 161,3 миллиард долларга көбүрөөк табат. Өкмөттүн кирешеси 97 миллиард долларга өсөт, - деп айтылат макалада.
Үчүнчү сценарий боюнча, согуш сентябрдын аягына чейин созулат. Бул учурда мунайдын баасы баррелине 150-200 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Жыл аягына чейин мунай жана газ сатуу Россияга болжол менен 386,6 миллиард доллар алып келет. Чийки зат соодасынан Кремлдин салык кирешеси 212,5 миллиард долларга жетет.