www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Нью-Йорк шаарында Тонга Падышалыгынын премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында демилгелерди өз ара колдоого макулдашты.

Кыргызстан менен Тонганын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Тонганын өнөктөштүгүн алдыга жылдырууга көптөгөн жалпы кызыкчылыктар бар экенин белгиледи.

«Өлкөлөрүбүз климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө маани берет. Тонга деңиз деңгээлинин көтөрүлүүсүнө каршы күрөшсө, Кыргызстан мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө туш болууда», - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Тонганын премьер-министри Аисаке Эке өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Последние новости