www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунда баңги затын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 19-сентябрында кара куурай сабагын 70 миң сомго өзгөчө ири өлчөмдө сатуу аракетинде Т.А. аттуу жаран кармалган, анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттары, баңги каражаттарды кол өнөрчүлүк жол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылып алынган. Алынган баңги заттардын жалпы салмагы 12,6 кг түздү.
Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.А. тарабынан ири өлчөмдөгү гашиш түрүндөгү баңги каражаттарды системалуу сатуу фактылары катталган.
Т.А.га карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда.