www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, илимий, билим берүү жана өндүрүш чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле илимий ишти башкарууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1 -беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, тармактык мамлекеттик органдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын карамагында турган илимий жана илимий-техникалык уюмдарга төмөнкүлөргө болгон укукту кошкондо, финансылык автономия берүү каралсын:
1) илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналбаган, мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен түшкөн каражаттар түрүндө кирешелерди алууга;
2) эмгек акы төлөөгө жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого багыттоо менен өздөрүнүн кирешелерин өз алдынча тескөөгө;
3) атайын эсептин каражаттарынын чегинде кызматкерлердин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, дем берүүчү төлөмдөрдүн жана материалдык жардамдын ийкемдүү формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;
4) акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жана келишимдик негизде аткарылуучу жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;
5) атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу, алмаштыруу, ижарага берүү жолу менен тескөөгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык аны пайдалануудан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдаланууга;
6) оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктү башкарууну, ижарага берүү жана ижарадан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдалануу укугун кошкондо, жүзөгө ашырууга.
2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан жыл сайын өзүнүн ведомстволук илимий жана илимий-техникалык уюмдарына атайын эсептин каражаттарынын жалпы жылдык көлөмүнүн үч пайызынан кем эмеси алардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды кошкондо, актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнүп берилет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:
1) толук финансылык автономиясын жана жарандык-укуктук келишимдик мамилелердин принциптерине өтүүсүн камсыз кылуу максатында илимий мекемелер көрсөтүүчү кызматтарды кийин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу менен инвентаризациялоону жүргүзсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.