www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-майда Орусиянын президенти Владимир Путин беш өлкөнүн лидерлерин кабыл алды.

Москвадагы Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары президенттер Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Жапаров менен Лукашенко кабыл алууда болгон эмес.

«Кечээ президент Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал сый тамакка катышкан. Ал эми, бүгүн Кызыл аянттагы парад аяктагандан соң Кыргызстандын делегациясы расмий иш сапарынын алкагында кезектеги иш-чарага – Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө жөнөп кетти», - деп билдирди президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости