www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорундагы ашууларда кытайлык айдоочулардын айынан жол тыгындары жаралып жатканын билдирди.
Анын айтымында, Кытайдан келген жүк ташуучу айдоочулар кышкы шартка даярдыксыз, жайкы дөңгөлөк жана чынжырсыз каттап, жүздөгөн жергиликтүү айдоочуларды күндөр бою ашууларда кармап коюуда.
Депутат Министрлер Кабинетинин төрагасына кайрылып, кытайлык айдоочуларга коюлуп жаткан талаптардын алсыздыгын сынга алды. Ал жол тейлөө кызматтары жетиштүү техника менен камсыздалганы менен, тартип сакталбаса, маселе чечилбей турганын белгиледи.
Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да тыгындардын негизги себеби кытайлык айдоочулардын кышка карата даярдыгы жоктугун ырастады. Социалдык тармактарда да кытайлык айдоочулардын айынан ашууларда узак тыгындар жана жол кырсыктары катталып жатканы боюнча видеолор тараган.
Жергиликтүү эл бийликтен чет элдик айдоочуларга карата өзгөчө мамилени токтотуп, бардык айдоочуларга бирдей талап коюуну талап кылууда.