www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү. Бул позитивдүү тенденция 2025-жылы да уланып, ИДПнын өсүшү 11 айдын ичинде 10,2%га жетет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кеңейтилген жыйынында Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.

“Номиналдуу ИДП 2020-жылдагы 639 миллиард сомдон 2024-жылы 1,6 триллион сомго чейин өстү жана 2025-жылы 1,8 триллион сомго жетиши болжолдонууда, бул акыркы жылдары экономиканын үч эсеге жакын өсүшүн көрсөтөт”, - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Ал ошондой эле Эл аралык валюта корунун маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин, ал эми 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлей турганын кошумчалады.

“Өсүү курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле негизги капиталга инвестицияларды көбөйтүү менен шартталган”, - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Последние новости