www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-декабрда өткөн Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаардагы мыйзамсыз курулуштар жана моралдык көйгөйлөр кайрадан көтөрүлдү.
«Ынтымак» фракциясынан депутат Азамат Тургунбаев Манас-Ата аймагындагы мурдагы вице-мэрге таандык мейманканада бүгүнкү күнгө чейин сойкулук менен алектенген кыздар иштеп жатканын айтканын «Турмуш» сайты жазды.
Депутаттын айтымында, «Капитал» ресторанынын айланасындагы артык баш курулуштар көптөн бери чечилбей келет.
Ал тиешелүү жетекчилердин кайдыгерлигин сынга алып, мыйзам бузуу ачык көрүнүп турса да, чара көрүлбөй жатканын белгиледи.
Курулуш тармагы боюнча вице-мэр Мирлан Казыбай уулу ресторандын негизги имараты мыйзамдуу экенин, бирок арт жагындагы ашканасы 5–6 метрге чыгып кеткенин айтып, бул боюнча сот аркылуу утуп алганын билдирди.
Ошого карабастан, депутаттар мыйзамсыз иштерге көзөмөл жетишсиз болуп жатканын айтып, вице-мэрияны жоопкерчиликке чакырышты.