www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жан Воинов камактан бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жан Воиновду камактан бошотту.

Соттун маалыматы боюнча, арыз ээси Ж.Т. тосмо арыз жазып, Воиновго эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Бирок, тергөө иштери улантылып жатат.

Биринчи май райондук соту 5-июлда бийчи Жан Воиновду 1-августка чейин №21 тергөө абагына киргизген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бейбаштык) менен кармалган.

Буга чейин «Begemot Kyz» катары таанымал блогер Алина Жакыпова 30-июнда «Шератон» мейманканасында достору менен чогуу сабалганын билдирген. Ал бул үчүн Воиновду, анын жубайы Зарина Алмасованы жана Заринанын инисин айыптаган.

Бул иш боюнча Воиновдун кайын иниси да кармалган.

Последние новости