www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамда төмөнкүдөй салыктык түйшүгүн азайтуу ченемдери каралган:

1) транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу;

2) 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөө;

3) уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

– уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүнү;

– КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык мыйзамдарында жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүүнү же кайра текшерүүнү;

4) 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызын эсептен чыгаруу;

5) милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө, чегерилген салык санкциясын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөө мөөнөтүнө жараша туумдарды төлөө.    

Последние новости