www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "абакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбеков ооруп жатат" деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.

Белгилей кетсек, саясатчынын уулу Азат Равшан "Твиттердеги" баракчасында "абакта атасы ооруп жатканын, анын өмүрү президент Сооронбай Жээнбековдун колунда экенин жана ага бирдеме болсо мамлекет башчысы жооп берерин" жазды.

Ага чейин саясатчынын тарапкерлери тамак оорусу кармап, сахары көтөрүлүп жатканын, коронавирус же пневмония илдетинен таза экенин билдиришкен.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости