www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Натыйжалуу дарылоо жана көңүл буруу – биздин жарандардын сакаюусунун негизги өзөгүн түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун айтканына таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

«Учурда жарандар коронавирус илдети менен күрөшүүгө жөндөмдүү болгон тажрыйбалуу дарыгерлердин квалификациялуу жардамына муктаж. Биз силерсиз пандемияны жеңе албайбыз жана жарандардын өмүрүн сактай албайбыз. Ар бир бейтапка көңүл буруу – бул алардын тез сакайып кетишинин ачкычы экенин жакшы билесиздер.  Сиздерден бейтаптарга абдан жакшы көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Биз өз кезегинде силердин жумушуңар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деп белгиледи Премьер-министр.

Бүгүнкү күндө «Семетей» обсервациялык жайындагы 1310 орундун 600ү бош эмес. Улуттук госпиталдан, Онкология жана гематология улуттук борборунан, Чүй облустук бириктирилген ооруканасынан жана Бишкек шаардык травматология и ортопедия илим изилдөө борборунан 170 медицина кызматкери ишке тартылган. 

«Жакында эле ачылган күндүзгү стационарлар ишти бир топ жеңилдетти. Ал жактан Бишкек шаарынын тургундарына зарыл болгон биринчи медициналык жардамды алууга шарт түзүлдү.  Ошол эле учурда илдеттин кесетинен жарандардын каза болушу тынчсыздандырууда. Жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалып жаткан аракеттерди мындан дагы күчөтүү керек. Азыр дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп турат. Бул багыттагы маселени жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биз эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлерди ишке чыгууга чакырып жатабыз жана чет өлкөлөрдөн адистерди тартуудабыз. Дарыгерлер, жалпы эле медицина кызматкерлери ооруп жаткан ар бир жарандын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшарына ишенем», - деп белгиледи Өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости