www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында санына бычак жеген киши каза болду

Жумгал районунда санына бычак жеген адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июлда саат 21:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында бир адамды белгисиз жигит бычак менен сайып салды деп билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын 1991-жылы туулган тургуну А.З. мас абалында ошол эле айылдын 1980-жылы туулган тургуну З.У.ны талаадан бычак менен сол санына сайып салганын, З.У. ооруканага жетпей каза болгонун аныктаган.

Шектүүгө карата 130-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жумгал РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости