www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.

Ошондой эле анын кызматы жоюлуп, транспорттук блок боюнча вице-мэрдин функцияларын жана иштерин координациялоо транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге жүктөлдү.

Ж.Ырсалиев 16-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусундагы көчмө жыйындан кийин кармалган.

УКМКнын расмий маалыматы боюнча, Тунгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил типтеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону мыйзамсыз иштеп турган. Бул жер тилкенин ижарасы төлөнбөй, 2 млн 979 миң 889 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча шектүүлөр Ж.Ырсалиев менен В.Н.А. убактылуу кама алынды.

Последние новости