www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суунун башкы салыкчысы кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды, деп билдирди УКМК.

Салыкчылар пара алууга айыпталууда.

«Тактап айтканда Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. жана башкармалыктын текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. өздөрүнүн кызматтык абалын пайдаланып, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн коррупциялык схема түзүп, ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөн.

Ошентип мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»,- деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости