www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-апрелдеги Бишкек шаарында эне-баланын өлүмү, ошондой эле дагы бир баланын ооруканага жаткырылышы менен коштолгон кайгылуу окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин иликтенип жаткандыгына байланыштуу Ички иштер министрлигинин жетекчилиги каза болгон аялдын ата-энеси менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө туугандарына жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чаралары тууралуу кенен маалымат берилип, алардын бардык суроолоруна түшүндүрмөлөр берилди.
Маркумдун ата-энеси тергөө органдарынын аракеттерине дооматтары жок экенин билдирип, иликтөө мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканын белгилешти.
Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши ички иштер министринин жеке көзөмөлүндө.
Ошондой эле маркумдун жакындары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылып, ашыкча талкуулоодон жана аза күтүү мезгилинде үй-бүлөнү тынчсыздандыруудан алыс болууну өтүнүштү.
Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн бул кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана үй-бүлөнүн жеке жашоого болгон укугун урматтоого чакырат.