www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, ага бир ишкер кайрылган. Ал буга чейин анын пансионатын Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун өкүлдөрү тартып алганын, кийин УКМКга кайрылганда объектти атайын кызматтын кызматкерлери өздөрүнө өткөрүп алышканын айткан.

- Ишкердин мүлкү эки жолу тартып алынган. Ошол эле учурда ал мамлекетке эмес, жеке адамдардын колуна өткөн. Эркек киши арыз жазгысы келген жок, анткени кимге ишенерин билбей калды, - деди депутат.

Башкы прокурор депутаттан бул факт боюнча толук маалымат берүүнү өтүнүп, ишти териштирүүгө убада берди.

Ал ошондой эле көзөмөл органынын дарегине УКМК кызматкерлерине байланыштуу 386 ушундай кайрылуу түшкөнүн кошумчалады.

Башкы прокурор жарандарды мындай учурларда укук коргоо органдарына же прокуратурага кайрылууга чакырды.

Последние новости