www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кыргызстан айылында жабык типтеги кичи футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган футбол аянтчасы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу, шаар бюджетинен бөлүнгөн акча каражаты жана жергиликтүү элдин салымы менен бүткөрүлгөн.

Ачылыш аземине шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, аталган аймактык башкаруунун башчысы, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости