www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда мурда ишкерлерден акча талап кылган деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: С.И.А., Н.Р.Х. жана А.Б.Т. кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жогоруда аталган адамдар кылмыштуу идеологияны активдүү карманып, Ноокен районунун тургундарынан акча талап кылып келишкени, алардын айтымында, бул акча түзөтүү колонияларында кармалган адамдарды колдоо үчүн колдонулганы аныкталган.

Ошондой эле кармалгандар жабырлануучуларды өздөрүнүн ири суммадагы насыяларын төлөөгө мажбурлашкандыгы белгилүү болгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, кармалгандар К. Көлбаевдин, "Чач" каймана аты бар Э.Мурзахметовдун колдоосуна ээ болуп, уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү экендиги, 2022-жылы кармалгандардын бири, "Рокки" каймана аты бар Н.Р.Х. Ноокен районунун "смотрящийи" болуп дайындалгандыгы аныкталган.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы аталган адамдардын аракеттеринен жабыркаган болушу мүмкүн болгон жарандарды 0 (3722) 5-60-49, (WhatsApp) - 0995 01-22-10 телефондору аркылуу кайрылууну суранат.

Последние новости