www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул шаарынын мэри, оппозициядагы Республикалык элдик партиянын (CHP) өкүлү Экрем Имамоглуна каршы козголгон кылмыш иши өлкөдө чоң талкуу жаратты. Прокурор Акин Гүрлек анын жана дагы 400дөн ашуун адамдын үстүнөн даярдалган айыптоо корутундусун жарыялап, Имамоглу үчүн 2000 жылга эркинен ажыратуу жаза мөөнөтүн сурады.

Айыптоо документинде Имамоглу "кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген", "мамлекеттик каражаттарды өз кызыкчылыгына колдонгон" жана "ири коррупциялык схеманы уюштурган" деген дооматтар көрсөтүлгөн. Прокурордун билдирүүсүнө караганда, бул тармак он жылдын ичинде Түркия мамлекетине 160 миллиард лирага (3,8 миллиард долларга жакын) зыян келтирген.

Айыптоо төрт миң беттен турат. Каржылык кылмыштарды иликтөө кеңешинин материалдары, санариптик далилдерге жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Экрем Имамоглу өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, ишти "саясий өч алуу аракети" деп атап келет. Ал акыркы жылдары президент Режеп Тайип Эрдогандын эң күчтүү саясий атаандашына айланып, 2019-жылкы Стамбул шайлоосунда АК партиянын талапкерин жеңип чыккан. Ал жеңиш оппозициянын символуна айланган эле.

Имамоглу учурда март айынан бери камакта отурат. Анын соту жакынкы айларда башталаары күтүлүүдө. Бул иштин жыйынтыгы Түркиянын ички саясатына, өзгөчө 2028-жылкы президенттик шайлоого олуттуу таасир этери талашсыз.

Эгерде Имамоглу сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, ал саясаттан четтетилип, оппозициянын келечектеги стратегиясына чоң сокку болот. Тескерисинче, айыптоолор далилденбесе, бул Эрдогандын бийлигине болгон коомдук ишенимди төмөндөтүүчү факторго айланышы мүмкүн.

Последние новости