www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды

Жалал-Абадда ооз ачууга барган 12 адам тамакка ууланды. Бул тууралуу облустагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар Сузактагы эс алуу борборлорунун бирине оозу ачууга барып, тамактанган соң абалдары начарлап ооруканага кайрылган.

Урайымов иликтөөнүн жыйынтыгы жакында чыгарын билдирди. Ал эми кафе убактылуу жабылып, анын жетекчисине 23 миң сом, медициналык кароодон өтпөгөн эки официантка 3 миң сомдон айып пул салынган. Жабырлануучулар үйүнө чыгарылганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости