www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун катышуусунда жыйын өттү.
Жыйын Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында өткөрүлүп, анда өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелери жана ички рынокту камсыздоо боюнча маселелер каралды. Отурумга мамлекеттик органдардын жана мунай тармагында иш алып барган жеке компаниялардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 2021–2025-жылдардагы жана 2026-жылдын алгачкы алты айындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат угулду. Анда мунай жана газ өндүрүү, бургулоо иштери, сатуу көлөмдөрү, киреше жана активдер боюнча көрсөткүчтөр талкууланды.
Белгиленгендей, “Кыргызнефтегаз” 14 чет элдик инвестициялык компания менен кызматташып келет. Инвесторлор скважиналарды бургулоо жана капиталдык оңдоо иштерин өз каражаттарынын эсебинен каржылаары айтылды.
Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков мунай продукциялары менен ички рынокту туруктуу камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле министр “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын нефтини кайра иштетүүчү заводун реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун жалпы баасы 409,9 млн долларды түзөт.
Ал ишкананын жетекчилигине жана тиешелүү органдарга иштин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.