www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусу катуу шамалдан болжол менен 16 миллион сомдук чыгым тартты.
27-июнунда Баткен шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин катуу шамал катталган. Анын кесепетинен турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар да катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түзгөн.
Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланып, мамлекеттик, муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү милдеттендирилди.
Ошондой эле Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо мекемелерине кырсыктан жабыркаган эки жаранга бардык зарыл медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү тапшырмасы берилди.