www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-апрелде Манас шаарындагы Эркиндик аянтында 7-апрель – Элдик революция күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу президеттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, апрель элдик революциясынын катышуучулары, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн тарыхый окуялар эскерилип, курман болгон жарандардын элесине гүл коюлду. Катышуучулар бул күндүн өлкөнүн эгемендүү тарыхындагы орду өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Облус башчысынын орун басары Урмат Самаев өз сөзүндө 7-апрель окуялары Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бурулуш учурлардын бири болуп калганын белгиледи. Ал курман болгон жарандардын эрдиги эч качан унутулбай турганын жана алардын элеси элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталаарын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында курман болгондордун элесине багышталып куран окулду.
Белгилей кетсек, 2010-жылдагы 7-апрель окуяларында Жалал-Абад облусунан 62 адам жаракат алып, 2 адам каза болгон.