www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджети жыл сайын өсүп баратат жана ага жараша шаарды өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо жыл сайын  көбөйүүдө. Бул тууралуу шаардык каржы башкармалыгынан билдиришти.

Мисалы, беш жыл мурда же 2014-жылы шаар бюджетинин көлөмү 284 миллион сомду түзсө, быйылкы 2018-жылга карата анын көлөмү 328,5 миллион сомго жетти. Өткөн 2017-жылдагы анын көлөмү 317,5 миллион сомго барабар эле.

Быйылкы жылы шаар бюджетинин көлөмү кыйла жогорулашы мүмкүн, себеби быйылкы жылга карата айрым тейлөө кызматтарынын тарифтери жогорулатылып, жумушчу орундарын түзүү жагынан да позитивдүү аракеттер бар, дешет шаар мэриясындагылар.

Өткөн жылы шаар бюджети шаар кеңешине шайланган саясий партиялардын пикир келишпөөчүлүгүнөн улам жыл аягында бекитилип, бюджеттин киреше бөлүгүнө да таасир берген.

Быйылкы 2018-жылга карата шаардын киреше бөлүгү 328,5 миллион сом болгону менен жалпы чыгашасы 410 миллион сомго жетмекчи. Себеби, өткөн жылы иштетилбей калган 82 миллион сом быйылкы жылы иштетилет.

Эгерде мурда шаардагы инфраструктуралык курулуш иштерине шаар бюджетинен 25-30 миллион сом гана иштетилип келсе, быйылкы жылы анан көлөмү 130-150 миллион сомго жетмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости