www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 9 жаштагы бала бассейнге чөгүп каза болду. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 25-июлда болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнүн дарыгери З.Алыкулова тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарындагы Жеӊиш көчөсүнүн тургуну 9 жаштагы П.Б., Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи районунда жайгашкан "Чайка" бассейнинде сууга түшүп жатып кокусунан чөгүп каза болгонун билдирген.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБинин тергөө ыкчам тобу тарабынан каза болгон 9 жаштагы П.Бнын жансыз денесине Жалал-Абад облустук ооруканасынын, Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын прокурорунун орун басары, маркумдун атасы М.Днын катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлгөн. Баланын атасы бул окуя боюнча арыз жазуудан жана медициналык соттук экспертиза өткөрүүдөн баш тарткан. 

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБинин маалыматтардын электрондук каттоо журналына "кокустук" деп катталган.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости