www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Марлис Асанов облустагы Аксы жана Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барып, өздүк курамы жана иштөө шарттары, нөөмөт бөлүмчөлөрү, убактылуу кармоочу жайлардын абалы менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

"Таанышуу өздүк курамга жыйын өткөрүү менен уланып, учурда аткарып жаткан иштери, оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен күрөшүү, алардын мыйзамдуу жана сапаттуу тергелишине токтолуп, ошону менен катар жаралган көйгөйлүү маселелерди угуп, алдыдагы мерчемделген иш-чаралардын өз мөөнөтүндө аткарылышына токтолуп өттү.

Жыйында Марлис Асанов РИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ИИМдин койгон тапшырмаларын жеткирүү менен калктуу катмар менен жакындан иштешип, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда жумуштарды күчөтүү боюнча бир нече тапшырмаларды койду", - деп айтылат билдирүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости