www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окутуу жыйыны калаадагы аксакалдар сотунун өкүлдөрүнө усулдук  жардам көрсөтүү, ишмердүүлүгүн күчөтүү жана алардын укуктук мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтуулугун арттыруу болуп саналат. Ага шаардык соттун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу, калаа мэриясынын аппарат башчысы Эрнист Зияйдинов, аксакалдар сотунун мүчөлөрү жана аймактык башкаруулардын башчылары катышты.

Отурумда шаардык соттун өкүлдөрү тарабынан, коомдогу ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу жана ага карата чара көрүүдө аксакалдар сотунун орду, ишмердүүлүк жүргүзүү эрежелери жөнүндө айтылды. Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Конституциясында да аксакалдар сотунун иштөө тартиби бекитилип,  укуктук чечимдерди чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү берилгенин кошумчалады.

Ага ылайык жашоочулардын арыз даттануулары аксакалдар сотунда түшүндүрүү жолу менен чечилип,  натыйжада тараптар ашыкча материалдык чыгымга кептелбей, убакыт үнөмдөөгө жетишет. Андыктан бул боюнча жашоочулардын маалыматтуулугун арттыруу иш аракеттерин күчөтүлмөкчү. 

Эске салсак, шаардагы беш аймактык башкармалыкта курамында 7ден  мүчөсү болгон  аксакалдар соту  иш алып барып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости