www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси мектептер үчүн чыгарылган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди мыйзамсыз сатууга жол берилбей турганын эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, чыгарылган окуу-методикалык комплекстер мектептерден тышкары эркин сатылбайт. Ал эми «Учкун» ААКсына бул продукцияны жеке менчик мектептерге гана келишимдик негизде сатууга уруксат берилген.

Ошол эле учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептеринин сатылып жатканы боюнча фактылар катталган.

Буга байланыштуу мыйзам бузууларга укуктук баа берүү жана күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин аныктоо максатында Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылуу жөнөтүлдү.

Окуу китептерин мамлекеттик мектептер үчүн мыйзамсыз сатууга, коммерциялык максатта таратууга, жарнамалоого, кайра сатууга жана сатууга ортомчулук кылууга тыюу салынат.

Мекеме мыйзамсыз соодага жол берген адамдардын аракетине укуктук баа берилерин белгилеп, жарандарды мыйзам талаптарын сактоого чакырды.

Последние новости