www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районундагы Барскоон суусунда балыктардын өлгөнү тууралуу маалымат түшүп, жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Окуя тууралуу маалымат 11-сентябрда келип түшкөн. Анын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде кароо жүргүзүштү.

Текшерүүгө райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери да тартылды.

Кароо учурунда дарыянын айрым тилкелеринде өлгөн балыктар бар экени аныкталды.

Учурда алардын өлүмүнө алып келген себеп тактала элек.
Себебин аныктоо үчүн суудан жана өлгөн балыктардан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, Экологиялык мониторинг департаментинин Ысык-Көл регионалдык секторунун адистери тарабынан дарыядан суунун кошумча үлгүлөрү алынууда.

Министрлик лабораториялык изилдөөлөрдүн расмий жыйынтыгы даяр болгондон кийин коомчулукка кошумча маалымат берилерин билдирди.

Последние новости