www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Бишкек-2 - Балыкчы пляж багыты боюнча №608/609 жүргүнчү поездинин каттамы кайра жанданганын маалымдайт.

2026-жылдын 5-июнунан тарта жүргүнчү поезди кайрадан Ысык-Көл жээгине каттай баштайт. Бул өлкө тургундарына жана конокторуна жайкы эс алууну ыңгайлуу жана коопсуз шартта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Поезд Боом капчыгайы аркылуу өтүп, кооз жаратылышты көрүүгө шарт түзөт жана жайкы туристтик мезгилде чоң суроо-талапка ээ. Каттам Балыкчы шаарына чейин жетет.

2026-жылы поезд сентябрдын ортосуна чейин каттап, жүргүнчүлөргө жайкы эс алууну жана баркыт мезгилиндеги сапарларды алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Каттамдын графиги


• 2026-жылдын 5-июнунан 21-июнуна чейин - жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;


• 2026-жылдын 26-июнунан 13-сентябрына чейин - күн сайын.

Жөнөө жана келүү убактысы

    • Бишкек-2 бекетинен жөнөө - саат 08:06

    • Балыкчы бекетине келүү - саат 12:12

    • «Балыкчы пляж» токтоо пунктуна келүү - саат 12:37

    • «Балыкчы пляж» бекетинен кайра жөнөө - саат 18:40

    • Балыкчы бекетине келүү - саат 19:00

    • Бишкек-2 бекетине келүү - саат 23:11

Вокзалдын дареги: Эркиндик бульвары, 1А.

Поезддин курамы
Поезд курамында ыңгайлуулугу ар кандай болгон 16га чейин вагон каралган:

    • аймактар аралык вагондор (МО) - №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8;

    • «Люкс» категориясындагы вагон - №9;

    • «ВИП» категориясындагы вагондор - №10, 11, 12, 13, 14, 15;

    • «ВИП купе» категориясындагы вагон - №16.

Жол киренин баасы

Аймактар аралык вагондор (МО)
чоңдор үчүн билет:


• накталай төлөм - 180 сом;


• накталай эмес төлөм - 150 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):


• накталай төлөм - 90 сом;


• накталай эмес төлөм - 73 сом.

«Люкс» вагону
чоңдор үчүн билет:


• накталай төлөм - 600 сом;


• накталай эмес төлөм - 500 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):


• накталай төлөм - 300 сом;


• накталай эмес төлөм - 250 сом.

«ВИП» вагону
чоңдор үчүн билет:


• накталай төлөм - 1 000 сом;


• накталай эмес төлөм - 800 сом;

балдар үчүн билет (5 жаштан 10 жашка чейин):


• накталай төлөм - 500 сом;

• накталай эмес төлөм - 400 сом.

«ВИП купе» вагону
(баасы бир купе үчүн көрсөтүлгөн)


• накталай төлөм - 7 200 сом;


• накталай эмес төлөм - 6 000 сом.

Жол киренин баасы жүргүнчүнүн кайсы бекетинен түшүп же түшкөнүнө карабастан өзгөрбөйт.

Билеттерди сатуу 2026-жылдын 21-майында башталат.

Последние новости