www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Түркиянын түштүк-чыгыш аймагына “Patriot” зениттик-ракеталык системаларын жана аскер кызматкерлерин жайгаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасы Германиянын Коргоо министрлигине таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын аягынан сентябрга чейин Түркияда “Patriot” системалары менен кошо 150дөй немис аскери жайгаштырылат. Бул кадам аймактагы, айрыкча Иран айланасындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу экени айтылууда.

Германия бийлиги буга чейин Ормуз кысыгындагы деңиз ташууларынын коопсуздугун камсыздоого катышууга даяр экенин, анын ичинде аскердик ыкмаларды да колдонушу мүмкүн экенин билдирген.

Последние новости