www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда кетирген жаңылыштыгынан кийин мамлекеттик протокол кызматынын жетекчиси Гагик Ваноянды кызматынан бошотту.

Тиешелүү тескеме 19-октябрда Армения өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.

«Гагик Ваноян мамлекеттик протокол кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулсун», — деп айтылат документте.

Тескемеге Армениянын премьер-министри кол койгон. Бирок Ваноянды кызматтан бошотуунун расмий себеби документте көрсөтүлгөн эмес.

Мамлекеттик протокол кызматы Арменияга келген жогорку даражалуу делегациялардын сапарларын протоколдук жактан даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле расмий эл аралык иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү менен алектенет.

Белгилей кетсек, 17-октябрда премьер-министр Никол Пашинян Ереванда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду кабыл алган. Жолугушууда сүйлөп жатып, ал жаңылыштык менен Жапаровду Казакстандын президенти деп атап алган.

Последние новости