www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Сотко айыпталуучулардын бардыгы катышты.
Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар ишти жабык режимде кароону сунушташты. Бул сунушту процесстин бардык катышуучулары колдоду.
Натыйжада сот журналисттерди жана башка катышуучуларды залдан чыгарып, соттук териштирүүнү жабык форматта өткөрүү чечимин кабыл алды.
Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов журналисттер сот процессине тоскоолдук кылып, кечигип келип жатканын белгиледи.
"Сиздер соттолуучуларды, айрыкча мен коргоп жаткан жаранды (подзащитный) тажатып жатасыздар, ошондуктан сот жабык өтүп жатат", - деди Айткулов.
Белгилей кетсек, айыпталуучулардын катарында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев бар.
Айыпталуучуларга “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылууда.