www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил менен Хамас Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине кол коюшту. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагына жазды.

Маалым болгондой, бул этап ок атышууну токтотууну, барымтадагыларды бошотууну жана израилдик аскерлерди жарым-жартылай чыгарып кетүүнү камтыйт. Тараптар Трамптын согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу маалыматын расмий тастыкташты. Сүйлөшүүлөр Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында Катар, Египет жана Түркиянын ортомчулугу менен өттү.

Тынчтык планынын биринчи этабы согуштук аракеттерди токтотууну, барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну, ошондой эле гуманитардык чараларды камтыйт. Хамас бардык аман калган барымталарды бошотууга убада берди (акыркы маалыматтар боюнча, алардын саны 20 киши), ал эми Израил өз аскерлерин макулдашылган тилкеге ​​чыгарып кетет. Планга ылайык, гуманитардык уюмдардын Газа тилкесине кирүүсүнө эл аралык уюмдардын – БУУнун жана Кызыл Кресттин көзөмөлү астында уруксат берилет.

"Израиль менен ХАМАС тынчтык планынын биринчи этабына кол коюшту. Барымтадагылардын баары жакын арада бошотулат жана Израил өз күчтөрүн макулдашылган чектерге чыгарат. Бул туруктуу тынчтыкка карай биринчи кадам. Бул араб жана мусулман дүйнөсү, Израил жана АКШ үчүн чоң күн. Муну ишке ашырууга жардам берген Катар, Египет жана Түркиянын ортомчуларына ыраазычылык билдиребиз. Тынчтыкты орнотуучулар Трампка батасын берсин" деп жазды.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Шарм-эл-Шейхтеги сүйлөшүүлөргө АКШ, Израил, Египет, Катар жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Алар улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилердин жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлдөрдүн катышуусу менен жабык форматта өттү. Катар менен Египет тараптардын ортосундагы негизги ортомчулар катары сунуштарды берүү жана алмашуунун параметрлерин координациялоо үчүн жооптуу болгон.

Өз кезегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 9-октябрда өкмөт жыйынын чакырып, келишимди жактыра турганын билдирди. Ал келишимди “Израилдин улуттук жана моралдык жеңиши” деп атап, АКШ президентине ыраазычылык билдирди.

"Мен баатырларча салгылашкан жоокерлерибизге жана коопсуздук күчтөрүбүзгө ушул күнгө чейин жеткен эрдиги үчүн ыраазычылык билдирем. Президент Трампка жана анын командасына барымтадагыларды бошотуу боюнча бул ыйык миссияга берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем", - деди Израилдин премьер-министри.

Хамастын позициясы

Хамас да келишимди колдоп, Египет, Катар жана Түркияга арачылык кылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыймыл Трамптын аракеттерин таанып, эл аралык коомчулукту Израил келишимдин шарттарын толук аткарышын камсыздоого чакырды. Хамас ошондой эле палестиналыктардын улуттук эгемендүүлүк укугунан баш тартпай турганын жана барымтадагыларды бошотуу жараяны эл аралык көзөмөл астында болорун баса белгиледи.

Катар, Египет жана Түркия келишимдин аткарылышын көзөмөлдөөгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү ортомчулар алмашуудан кийин сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы механизмин иштеп чыгууну уланта турганын билдиришти. Египет гуманитардык миссиясын жөнөтүүнү, ок атышпоо режимин көзөмөлдөөнү жана Рафах чек ара бекетинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну пландоодо.

Эл аралык жооп

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш келишимди “өлгөндөрдүн санын азайтуу үчүн маанилүү кадам” деп атап, БУУ анын толук аткарылышын жана Газага гуманитардык жардамды көбөйтүүнү колдой турганын айтты. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү эгер коопсуз кирүү камсыз кылынса, азык-түлүк, күйүүчү май жана дары-дармек жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Евробиримдик, Британия жана Франция да келишимди колдоп, ок атышпоонун токтоосуз жана эл аралык көзөмөл астында ишке ашырылышы керектигин баса белгилешти. Араб Лигасы тараптарды келишимди сактоого жана “процесске доо кетире турган ар кандай аракеттерден алыс болууга” чакырды.

7-октябрдан кийинки согуш

2023-жылдын 7-октябрында Хамас Израилдин түштүгүнө ири чабуул жасаган. Натыйжада миңден ашык адам набыт болуп, жүздөгөн адамдар барымтага алынган. Бул окуя акыркы ондогон жылдардагы аймактагы эң ири куралдуу кагылышууга алып келди. Андан соң Израил армиясы Газа тилкесинде кеңири масштабдуу аскердик операциясын баштады. Маалымат каражаттарынын жана БУУнун билдирүүлөрүнө караганда, Израилдин соккулары үйлөр, ооруканалар жана инфраструктуралар талкаланып, он миңдеген жайкын тургундар набыт болгон. Израил бул аракеттерин ХАМАСтын аскерий объектилерин, анын ичинде туннелдерди жана курал кампаларын жок кылуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү.

2024–2025-жылдары кырдаал курч бойдон калган. Израил Газа тилкесиндеги операцияларын улантып, ХАМАС жаңы жоготууларды билдирди. Катар менен Египеттин ортомчулугу менен ок атышууну токтотууга жана туткундарды алмаштырууга бир нече жолу аракеттер болгон, бирок алар узак мөөнөттүү жыйынтык берген эмес.

2024-жылы АКШ, Катар, Египет жана Түркия БУУнун колдоосу менен ортомчулукту күчөтүшкөн. Жайында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2735 резолюциясы кабыл алынып, анда ок атышууну этаптуу токтотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана барымтадагыларды алмашуу принциптери белгиленген. Бул документ кийинки сүйлөшүүлөрдүн негизи болуп калды.

2025-жылы АКШ, Израил, Египет, Катар жана Түркиянын өкүлдөрү Каирде, Дохада жана Шарм аш-Шейхте жолугушууларды өткөрүштү. Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келишимдин биринчи фазасынын тексти иштелип чыгып, тараптар октябрь айында кол коюшкан. Дональд Трамп медиаторлордун жана тараптардын ишин координациялады, анын кеңешчилери документтин параметрлерин макулдашууга катышты. Ак үй сүйлөшүүлөргө уюштуруучулук колдоо көрсөткөнүн жана кийинки этаптарды даярдоого кепилдердин бири катары катышарын жарыялады.

Макаланын автору Мухаммад Ходиев, Ташкен

Последние новости