www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 10-11-октябрында Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КГМА) конгресс-залында биринчи ирет Борбордук Азия анестезиологдор-реаниматологдор конгресси өтөт. Бул тууралуу NazarNewsка иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Аталган конгрессте актуалдуу маселелер, заманбап ыкмалар, окутуу жана кесиптик кызматташтык кеңири форматта талкууланат. Бул ири кесиптик иш-чара Кыргызстандын Анестезиологдор-Реаниматологдор коомчулугу тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана КГМАнын колдоосу менен уюштурулуп, белгилүү дарыгер жана окумуштуу Алла Шерованын юбилейине арналат.

Конгресстин мааниси жана максаттары

Бул эки күндүк конгресс Борбордук Азиядагы жана Россиядагы алдыңкы адистерди бириктирип, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген кесиптештердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт. Иш-чаранын негизги максаты — анестезиология жана реаниматологиядагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү жана кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Конгресстин программасы

Программада 30дон ашык илимий докладдар, клиникалык талкуулар жана дискуссиялар каралган. Алар анестезия жана интенсивдүү терапиянын заманбап ыкмалары боюнча тажрыйба бөлүшүүгө багытталган.

Негизги темалар:

•    Кардиохирургиядагы анестезиянын заманбап стратегиялары
•    Сепсис жана панкреонекрозду интенсивдүү терапиялоо боюнча инновациялар
•    Жогорку агымдагы оксигенотерапия, коргоочу жасалма дем алуу жана дем алуу мониторинги
•    Медициналык-укуктук аспекттер жана бейтаптардын коопсуздугу
•    Регионалдык анестезиянын жаңы горизонттору, мультимодалдуу ооруну басуу жана нейромониторинг

Лекторлордун географиясы жана курамы
Конгресске Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 15тен ашык эл аралык деңгээлдеги көптөгөн тажрыйбалуу адистер катышат.

Алардын арасында:

•    К.М. Лебединский — д.м.н., профессор, Санкт-Петербург, Россия
•    В.А. Мазурок — д.м.н., профессор, Санкт-Петербург, Россия
•    Е.М. Миербеков — д.м.н., профессор, Алматы, Казакстан
•    К.А. Попугаев — д.м.н., профессор, Россиянын илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Москва, Россия
•    А.Ш. Жумадилов — д.м.н., профессор, Астана, Казакстан
•    В.В. Кузьков — д.м.н., профессор, Архангельск, Россия
•    В.К.ИСРАИЛОВА — д.м.н., профессор, Алматы, Казакстан
•    А.Ж.БАЯЛИЕВА —д.м.н., профессор, Казань, Россия
              
Өнүгүү перспективалары

Бул конгресс анестезиология жана реаниматология тармагында регионалдык деңгээлде илимий жана клиникалык кызматташууну жандандырат. Медицинанын замандын талабына жооп берген инновациялык ыкмаларын киргизүү, кесиптештердин билим деңгээлин жогорулатуу жана бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүү максатында өтүүчү ири форум болуп саналат.

Эске сала кетсек, I Борбордук Азия анестезиологдор-реаниматологдор конгресси медициналык коомчулуктун бири-бирине тажрыйба бөлүшүү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн мыкты платформа болуп саналат.

Последние новости