www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский Киевдин Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча артыкчылыктарын майда-чүйдөсүнө чейин санап баштаганда, АКШ президенти Дональд Трампты ачуулантып жибере жаздады. Бул тууралуу британдын The Guardian гезитине таянып ТАССтын Лондондогу кабарчысы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШ президенти жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын алдында сүйлөп жатып, Зеленский Киев режими үчүн жаңжалды токтотуунун башкы шарттарын узак убакыт бою тизме катары келтирип, угуп отургандарды, өзгөчө Трампты кыжырданта баштаган.
Вашингтон администрациясынын башчысы Украинанын позициясын талкуулоого кызыкдар болгон эмес деп белгиленет.
The Guardian кабарлагандай, Трамп Зеленскийди шаштыргысы келип, аны сөзүнөн бөлгөн.
Бирок Зеленский сүйлөөсүн ылдамдатуу аракеттерин этибарга алган эмес. Акыры ал сөзүн шашылыш жыйынтыктап, андан соң сөздү НАТОнун баш катчысы Рюттеге берген.
18-августта Трамп Вашингтондо Владимир Зеленский жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу өткөргөн. Ошондой эле АКШ лидери Путинге телефон чалган. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков маалымдагандай, Путин менен Трамп Москва менен Киевдин түз консультацияларын улантууну колдогон. Мындан тышкары, бул сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлге көтөрүү маселеси да каралган.