www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский "Фейсбукта" агынан жарылды

- Россия Крымды кайтарып берип, Донбасстагы конфликтти токтотсо, Россия G8 уюмуна кайра кошулушу мүмкүн. Эгер Россия бул сунушка макул болсо, Донбасстагы согушка чекит коюлат жана Россияда кармалып турган Украинанын 100дөй саясий туткундары бошотулат.

Мындай сунушту Украина өлкөсүнүн президенти Владимир Зеленский, Россиянын президенти Владимир Путинге киргизди.

Мындан сырткары ал, "Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн колдогон мамлекеттерге ыраазымын..."– деп Зеленский "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, 2014–жылга чейин Россия "Чоң сегиздик" деп аталган ири биримдиктин катарында турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости