www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандан Кыргызстанга алып келинген 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык көзөмөл постунан артка кайтарылды.
Текшерүү учурунда продукциянын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталган.
Маалыматка ылайык, карантиндик көзөмөлгө алынуучу продукцияны тиешелүү маркировкасыз алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу жүк Өзбекстанга кайра жөнөтүлдү.
Тиешелүү департамент мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда.