www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Сирия элине жардам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жеткирилди, деп билдирет УзА.    

Салмагы 50 тоннага жакын гуманитардык жүк балдар жана чоңдор үчүн кийим-кечелерден, тиричилик техникаларынан, консервалардан, кургатылган жемиштерден, жарым фабрикаттардан, балдар үчүн ботколор, жууркан-жаздыктардан, гигиеналык буюмдар жана башка керектүү буюмдардан турат.  

Жүктү учак менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт министрлигинин кызматкерлери жеткиришет.

Сирияда февраль айынын башындагы жер титирөөдө 5800дөн ашуун адам каза болгону айтылган.

Өзбекстан буга чейин жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы жардам жөнөткөн. Өзбекстандын өкмөтү, ишкерлери жана тургундары 170 тонна гуманитардык жардам чогултуп, алар 6 жүк ташуучу учак жана 7 жүк ташуучу унаа менен өлкөнүн ар кайсы аймактарына жеткирилген.

Сирияга жардам жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында Казакстан, Россия, Иран, БАЭ, Ирак, Алжир, Тунис, Иордания, Египет, Армения, Оман, Индия, Ливия, Пакистан жана Венесуэла бар.

9-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сирияга Ислам Кызматташтык Уюму аркылуу гуманитардык жардам жөнөтүүнү тапшырган.

10-февралда Сирияга 50 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Мамлекеттик резервден жылуу кийим-кече, консервалар, кышкы чатыр, керебет, шейшептер жиберилген. Жүк Алеппого төрт рейс менен жөнөтүлгөн. 

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган сириялыктарга жардам көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен 160 миллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости