www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Бактылуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Happiness Report) 143 өлкөнүн ичинен 47-орунга жайгашты.

БУУнун түзүмү Гэллап институту жана Оксфорд изилдөө борбору менен биргеликте даярдаган ар жылкы рейтингде быйыл Финляндия катары менен жетинчи жолу дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Мындан тышкары рейтингдин алдыңкы ондугуна Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирсе, эң акыркы сапка (143) Афганистан жазылган.

Өзбекстан 47-оруну менен Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп табылды. Казакстан 49чу, Кыргызстан 75чи жана Тажикстан 88-орунга жайгашса, Түркмөнстан рейтингге кирген эмес.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Молдова 71чи, Россия 72чи, Армения 82чи, Азербайжан 101чи жана Украина 105чи орунга жайгашкан. Беларус Түркмөнстан сыяктуу эле рейтингге кирген эмес.

Рейтингди түзүүдө өлкөнүн жан башына карата ички дүң өнүмүнүн көрсөткүчү, калкты социалдык жактан колдоо деңгээли, адамдардын орточо жашоо узактыгы, жарандардын эркиндигинин сыйланышы, ишке орноштуруу кепилдиктери, жемкорлуктун деңгээли, ошондой эле коомдук сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости