www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага аскер жөнөтүү мүмкүндүгүн жарыялап, АКШ жетекчилигине жагынууну көздөп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТОнун Югославияга каршы агрессиясынын 25 жылдыгына арналган "Белград" даректүү тасмасында билдиргенин ТИМ сайты жарыялады.

"Европа толугу менен АКШнын "карамагына" өттү. Эгемендүүлүк жок. Франция президентинин акыркы бир нече жыл ичиндеги кандайдыр бир "стратегиялык автономияны" түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөрү болбогон нерсе болуп чыкты. Эми Макрондун Украинага кургактагы аскерлер жөнөтүлүшү мүмкүн деген кеби "стратегиялык автономия" жөнүндө эмес, АКШга жагынып, ошол эле учурда Түндүк атлантикалык альянстагы союздаштарды провокациялоого багытталган", - деди Лавров.

Ал ошондой эле Балтика жана башка өлкөлөрдө да ушундай идеялар менен жаш муундагы саясатчылар чыгып жатканын белгиледи.

"Польшанын саясатчылары жетилген, бирок алар да чагымчыл оюн ойноого даяр. Германиянын канцлери Шольц азырынча жок дегенде этияттык көрсөтүүдө. Бирок Украинада НАТОнун аскерлерин жайгаштыруу темасын провокациялоо башка нерселер менен катар анын Евробиримдиктеги позициясын франко-германдык атаандаштыктын контекстинде бузууну көздөйт. Ал жерде көп нерсе бар. Ушундай чатак уюм. Биринчи орунда элдердин жана мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгы эмес, жеке саясий, эгоисттик пландары, умтулуулары, интригалары турат", - деди Лавров.

Эске салсак, 26-февралда Парижде француз лидеринин демилгеси менен Киевге колдоо көрсөтүү боюнча өткөн конференцияга Германия, Улуу Британия, Польша, Дания, Нидерланддар баш болгон өлкөлөрдүн лидерлери катышкан.

Франция президенти Эммануэль Макрон Россиянын "бул согушта жеңилиши үчүн" Париж колдон келген аракетин жасай турганын белгилеген. Анын билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министри Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин айтышкан. Ошондой эле канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган. Андан сырткары, анын өлкөсүндөгү бир топ ири партиялардын өкүлдөрү да бул мааниси жок кадам болуп калганын белгилешкен.

Последние новости